Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:57

Самаркандда түрк тилдүүлөрдүн саммити башталды


 Түрк мамлекеттери уюмунун 9-саммити
Түрк мамлекеттери уюмунун 9-саммити

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун 9-саммити өтүп жатат.

Ага уюмдун мүчөлөрү болгон Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери жана байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов катышып жатат.

Жыйынды өзбек президенти Шавкат Мирзиёев ачып, былтырдан тарта аталышын өзгөрткөн уюм түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгында жаңы барак ачылганын билдирди.

Ал учурдагы дүйнөдөгү экономикалык кризис шартында түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтыкты чыңдашы керектигин кошумчалады. Мирзиёев уюмга мүчө өлкөлөр экономикалык жааттагы кызматташтыкта мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдонулбаганын, бажы төлөмдөрү жогору экенин белгилеп, эркин соода жүргүзүү аймагын түзүүнү сунуштады.

Ошондой эле транспорттук байланышты күчөтүү зарылдыгын билдирди.
Өзбек президенти коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин, дүйнөнүн ар кыл бурчундагы жаңжалдар түрк дүйнөсүнө коркунуч туудуруп жатканын кошумчалады.

Бул шартта коопсуздук органдары терроризмге каршы, киберкоопсуздук жаатында биргеликте иш алып барышы керектигин сунуштады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев саммите Астана бардык өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн чечиндүү түрдө колдой турганын билдирди. Ал бардык өлкөлөр БУУнун уставын кынтыксыз аткарышы керектигин белгилеп, башка өлкөлөрдү да ушул аракетти колдоого чакырды.

“Бул биздин өлкөнүн негизги кызыкчылыгына толугу менен дал келген керектүү принцип. Буга байланыштуу дал ушул принципке артыкча көңүл бурабыз”, - деди.

Саммит жүрүшүндө түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган орус-украин согушуна токтолуп, расмий Анкара тогуз айдан бери уланып жаткан жаңжалды токтотуу үчүн бардык аракетти көрүп жатканын билдирди.

Саммитте эмне талкууланат?

Бул ирет уюмга Түркмөнстан толук кандуу мүчө болуп, бирикменин баш катчылыгына кыргызстандык дипломат Кубанычбек Өмүралиев тандалары күтүлүүдө.

Былтыртан тарта Түрк мамлекеттер уюму деп аталышын өзгөрткөн саммит Өзбекстанда алгачкы жолу уюштурулууда.

Бул иш-чарага өзбек бийлиги даярдык көрүп, аны чагылдыруу үчүн буга чейин аккредитация албаган айрым маалымат каражаттардын кабарчыларын да чакырган.


Уюмдун катчылыгынын маалыматына караганда, Самарканддагы саммитке Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын президенттери, байкоочу өлкө болгон Түркмөнстандын мурдагы президенти, учурдагы Калк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышары күтүлүүдө.

Бул жолку жолугушуу “Түрк цивилизациясынын жаңы доору: чогуу өнүгүүгө биргеликте кадам” деген ураан алдында уюштурулуп жатат.

Анын алкагында уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда гуманитардык кызматташтыктан тарта экономикалык байланыштарды чыңдоо, транспорт жана бажы иши, санариптештирүү жаатындагы долбоорлор да талкууланары айтылды.

Саммиттин алдында уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлери Түрк инвестициялык фонду, биргелешкен соода үйлөрүн ачуу жана Турансез экономикалык аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Самарканддагы саммитте уюмга Түркмөнстан толук кандуу мүчө болордон эки ай мурда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жарыялаган.

“Жакшы жаңылыкты бөлүшкүм келип турат. Буга чейин уюмга байкоочу болгон Түркмөнстан Самарканддагы саммитте толук кандуу мүчө болуп кирет. Муну менен үй-бүлөбүздү толуктайбыз”.


Азырынча Түрмөнстан бул жолку саммитте толук кандуу мүчө болору расмий жарыялана элек.

Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган делегация да катышат. Жапаров Самаркандга 10-ноябрда учуп барды.

Анын алдында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев уюмдун баш катчылыгына Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынарын билдирди.

“Мамлекеттердин лидерлери Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат, 2022-2026-жылдарга ТМУнун Декларациясын жана Стратегиясын кабыл алат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу, ТМУ жана Эл аралык Түрк Академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда. Саммиттин жүрүшүндө Уюмдун башкы катчысы кызматына Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат”, - деди Азымбакиев.

Буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келген 62 жаштагы Өмүралиев Кыргызстандын атынан уюмду жетектеген алгачкы баш катчы болуп калат. Буга чейин уюмду төрт жыл казакстандык дипломат Багдат Амреев жетектеген.

Президент Садыр Жапаровдун Түрк өлкөлөрүнүн уюмунун саммитине катышуу үчүн Самаркандга келиши кыргыз-өзбек мамилесинин маанилүү учуруна туш келди. Эки өлкөнүн жетекчилиги ортодогу чек араны толугу менен тактап, аны ратификациялоо аракетин улантууда.

Өткөн аптада Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов расмий сапар менен Бишкекке барып, кыргыз-өзбек чек арасынын калган бөлүгүн тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычындагы сууну пайдалануу боюнча макулдашууларга кол койгон.

Дал ушул чек араны тактоодогу Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе Кыргызстанда кызуу талкууларга жем таштап, оппозиция жана айрым тургундардын нааразылыгын жаратууда.


Бул сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен жекеме-жеке жолугашары кабарланган жок.

Түрк өлкөлөрдүн уюмунун саммити дүйнөдө жана региондо абал олку-солку болуп турган учурда өтүп жатат. Орус-украин согушу, уюмга мүчө Азербайжан, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн өз кошуналары менен кагылыштарынан улам түрк мамлекеттери коопсуздук жаатында канчалык эффективдүү кызматташат деген суроо маанилүү болуп турган кези.

Буга чейин Азербайжан менен Кыргызстан Түркияда өндүрүлгөн “Байрактар” дрону өңдүү аскердик техникаларды сатып алып жатканын жарыялаган.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу саммитте орус-украин согушу боюнча кырдаалга көңүл буруларын белгилеп, “Түрк дүйнөсү катары бул окуяларга кайдыгер карап тура албайбыз” деп белгилеген.

180 миллион адам жашаган жети өлкөнүн башын кошкон уюм канчалык натыйжалуу иш алып барат деген суроо турат. Анткени, СССР тарагандан тарта Борбор Азиядагы өлкөлөр менен Түркия бир бирикме алкагында иш жүргүзүүнү максат кылса да, саясий уюм катары эффективдүү иш алып бара албаганын адистер белгилешет.

Бул уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген аталыш менен 2009-жылы алгачкы саммитин өткөргөн. Ал учурда уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болчу. 2019-жылы Өзбекстан уюмга толук кандуу мүчө болуп кирсе, былтыр орган Түрк өлкөлөрүнүн уюму деп атала баштаган. Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу макамында катышып келген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG